Редакцияот 29.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.КУЛАТОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы

2021-жылдын 29-октябры № 6-5

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында курулуп жаткан курулуштар үчүн технадзор кызматын сатып алууга акча каражатын бөлүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында курулуп жаткан курулуштар үчүн технадзор кызматын сатып алууга акча каражатын бөлүү жөнүндөгү билдирүүнү угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 19-беренесинин 1-пунктуна таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында курулуп жаткан курулуштар үчүн технадзор кызматын сатып алууга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 200 000 (эки жүз мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Бөлүнгөн акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Т.Кулатов атындагы айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Ажибаев