Редакцияот 29.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.КУЛАТОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы

2021-жылдын 29-октябры № 6-7

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Абшыр-Ата орто мектебине жылытуучу меш куруу үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Абшыр-Ата орто мектебине жылытуучу меш куруу үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө билдирүүнү угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 20-беренесинин 6-пунктунун 4-бөлүмчөсүнө таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Абшыр-Ата орто мектебине жылытуучу меш куруу үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 950 000 (тогуз жүз элүү мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Бөлүнгөн акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Т.Кулатов атындагы айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Ажибаев