Редакцияот 29.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Т.КУЛАТОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы

2021-жылдын 29-октябры № 6-13

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө ЮМЗ 82.1 грейдер-эксковатор тракторун сатып алууга макулдук берүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө ЮМЗ 82.1 грейдер-эксковатор тракторун сатып алуу үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө билдирүүнү угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №59 Бюджеттик кодексинин 29-беренесинин 1-бөлүмүнүн 3 бөлүмчөсүнө таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө ЮМЗ 82.1 грейдер-эксковатор тракторун сатып алуу үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Бөлүнгөн акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Т.Кулатов атындагы айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Ажибаев