Т.КУЛАТОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы
2021-жылдын 29-октябры № 6-16
Улуттук филармониянын артисти Гүлмира Жолдошованын Бишкек шаарында өтө турган 25 жылдык юбилей концертине колдоо көрсөтүү жөнүндө
Улуттук филармониянын артисти Гүлмира Жолдошованын Бишкек шаарында өтө турган 25 жылдык юбилей концертине колдоо көрсөтүү жөнүндө билдирүүнү угуп жана талкуулап, Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук филармониянын артисти Гүлмира Жолдошованын Бишкек шаарында өтө турган 25 жылдык юбилей концертине колдоо көрсөтүү максатында айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 20 000 (жыйырма мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Ажибаев |