Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы
2021-жылдын 29-октябры № 6-17
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Ак-Чал айылындагы “Ак-Ниет-Нуру” балдар бакчасынын кызматкерлеринин эмгек акысын жана социалдык төлөмдөрүн штаттык бирдикке негиз айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен төлөп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Ак-Чал айылындагы “Ак-Ниет-Нуру” балдар бакчасынын кызматкерлеринин эмгек акысын жана социалдык төлөмдөрүн штаттык бирдикке негиз айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен төлөп берүүгө макулдук берүү жөнүндө билдирүүнү угуп жана талкуулап, Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Ак-Чал айылындагы “Ак-Ниет-Нуру” балдар бакчасынын кызматкерлеринин эмгек акысын жана социалдык төлөмдөрүн штаттык бирдикке негиз айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен төлөп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Ажибаев |