Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезектеги V сессиясы.
2022-жылдын 15-февралы № 5/4
Жазгы талаа жумуштарына даярдыктын абалы, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча айыл аймагында жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде Ылай-Талаа айыл аймагында жазгы талаа жумуштарына даярдыктын абалы, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча айыл аймагында жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы жана жер маселелери боюнча башкы адиси Б.Исаевдин берген маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Айыл аймагында жазгы талаа жумуштарын уюштуруу, жашылдандыруу, көрктөндүрүү боюнча айыл өкмөтүнүн жүргүзгөн иштери айрым кемчилдиктерин эске алуу менен канааттандыраарлык экендиги белгиленсин.
2. Кетирилген кемчилдиктерди оңдоо менен бирге айыл аймагында жазгы талаа жумуштарын уюштуруу, жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин жыл аягына чейин көңүл сыртында калтырбай, аймактарды өнүктүрүү боюнча кабыл алынган иш-чаралардагы тапшырмалардын айыл аймагындагы мекеме-уюмдар тарабынан аткарылышын дайыма көзөмөлдөө менен бирге жол боюндагы арыктардын талаптагыдай деңгээлде болушуна, эгилген көчөттөрдүн куурап калышына жол бербөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовго, айыл чарбасы жана жер маселелери боюнча башкы адиси Б.Исаевге, айыл аймагындагы мекеме-уюмдун жетекчилерине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы М.Исабаев) тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Кадамбаева |