Редакцияот 10.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чалма айылдык кеңешинин кезексиз жетинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышынын

2022-жылдын 10-марты № 7/6

Чалма айыл өкмөтүнө караштуу Беш-Кемпир айылынын тургуну Жаамбаев Улукбек Саитовичтин 11.08.2021-ж арызынын негизинде “Эс алуучу жай” курууга Беш-Кемпир айылынын Котур-Булак участкасынан 0,30 сотых жер бөлүп берүү жөнүндө

Чалма айыл өкмөтүнө караштуу Беш-Кемпир айылынын тургуну Жаамбаев Улукбек Саитовичтин 11.08.2021-ж арызынын негизинде “Эс алуучу жай” курууга Беш-Кемпир айылынын Котур-Булак участкасынан 0,30 сотых жер бөлүп берүү үчүн Чалма айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Алишовдун чечимин угуп жана талкуулап Чалма айылдык кеңеши

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Чалма айыл өкмөтүнө караштуу Беш-Кемпир айылынын тургуну Жаамбаев Улукбек Саитовичтин 11.08.2021-ж арызынын негизинде“Эс алуучу жай” курууга Беш-Кемпир айылынын Котур-Булак участкасынан 0,30 сотых жер бөлүп берүү үчүн Чалма айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Алишовдун чечимин колдоого алуу менен бекитилсин.

2. Бул токтомду мыйзамдаштырып берүү жагы Чалма айыл өкмөтүнөн суралсын.

 

Чалма айылдык кеңешинин төрагасы:

А. Кадыркулов