Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Капчыгай айылдык кеңешинин (VII –шайланган) кезексиз жетинчи сессиясы
2022-жылдын 17-январы № 7.1
Капчыгай айыл өкмөтүнүн башчысы Арзи уулу Азизбектин 2021-жылдын ичинде аткарылган иштери жана 2022-жылга түзүлгөн иш пландары жөнүндө
Капчыгай айыл аймагынын социалдык –экономикасын көтөрүү максатында Капчыгай айыл өкмөтүнүн башчысы Арзи уулу Азизбектин 2021-жылдын ичинде аткарган иштери жана 2022-жылга түзүлгөн иш милдеттери тууралуу маалыматты угуп жана талкуулап Капчыгай айылдык кенеши токтом кылат :
1. Капчыгай айыл аймагынын социалдык –экономикасын көтөрүү максатында Капчыгай айыл өкмөтүнүн башчысы Арзи уулу Азизбектин 2021-жылдын ичинде аткарган иштери жана 2022-жылга түзүлгөн иш милдеттери тууралуу маалыматы «Канааттандыраарлык» деп табылсын.
2. 2022-жылдын ичинде Капчыгай айыл өкмөтүнүн башчысы Арзи уулу Азизбекке төмөнкүлөр милдеттендирилсин:
-айыл өкмөттүн аймагындагы түзүлгөн стратегиялык жана социалдык жактан өнүктүрүү пландарын ишке ашыруу;
-жамааттык топтор,бей өкмөт уюмдар менен терен байланышта иш алып баруу;
-жайыттарды,эгин талааларын коргоону жөнгө салуу;
-социалдык обьектилердин өз денгээлинде күтүлүшүнө көнүл буруу;
-калктын аярлуу катмары менен иштөө маселелерин жолго коюу;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Капчыгай айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага: | С.Калыбаев |