Загрузка документа…
КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Жол айылдык кеңешинин (VII шайланган ) кезектеги бешинчи сессиясы
2022-жылдын 2-февралы № 5/1
Кашка-Жол айылдык аймагынын 2022-жылга карата бюджеттин бекитүү жөнүндө.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Кашка-Жол айылдык кеңешинин «2022-жылга карата Кашка-Жол айылдык аймагынын бюджеттин бекитүү жөнүндө» Кашка-Жол айылдык аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Асанованын маалыматын жана Кашка-Жол айылдык кеңешинин финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап, Кашка-Жол айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Жол айылдык аймагынын 2022-жылга карата бюджеттинин кирешелер бөлүгү 14085400 сомго жана чыгашалар бөлүгү 14085400 сомго долбоору бекитилсин.
2. Кашка-Жол айылдык аймагынын тиешелүү уюмдар тарабынан кабыл алынып жаткан нормативдик актылардын негизинде , ошондой эле өндүрүштүк көлөмдөрүнүн баалардын инфляциясынын деңгеелине жана башка процесстердин эсебинен келип чыккан өзгөртүүлөргө ылайык, бюджеттик статьялар боюнча өзгөртүүлөрдү жыл ичинде киргизилип турууга укук берүү менен бул өзгөртүүлөр айылдык Кеңештин сессиясында каралып, бекитиле тургандыгы белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Жол айылдык Кеңешинин финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жана Кашка-Жол айылдык аймагынын башчысы Жаныбеков Адилетке тапшырылсын.
Кашка-Жол айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бакиров |