Загрузка документа…
КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Жол айылдык кеңешинин (VII шайланган ) кезектеги бешинчи сессиясы
2022-жылдын 2-февралы № 5/4
Калктуу конуштардын таштанды салыгынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын 2018-жылды 10-августындагы № 89 мыйзамына ылайык жана 2018-жылдын 28-ноябрындагы Кыргыз Респбуликасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган Салык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 24-бөлүмүнүн жетекчилике алып калктуу конуштардын таштандылары үчүн жыйымынын талаптарын толук кандуу аткаруу максатында Кашка-Жол айылдык Кеңешинин 2.02. 2016-жылкы №16/7 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн сунушун угуп жана талкуулап Кашка - Жол айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын салык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 75-76 беренелеринин негизинде жыйымдын өлчөмүнүн чоңдугу календардык күн үчүн таштанды салыгын баштапкы 50 сом өлчөмүнөн 100 сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Бул токтом 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн ага салыкчысы Ж.Нажимидиновко тапшырылсын.
Кашка-Жол айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бакиров |