Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин № 7 чакырылышынын кезектеги 26 отуруму (сессиясы)
2021-жылдын 4-декабры № 26-1
“Т.Сатылганов атындагы (эски) мектептин жанына курулган кичи футбол аянтчасына “Атабаев Сүйүн Назаркуловичтин ысымын ыйгаруу” жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн айыл башчысы М.Мөнөковдун, Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Жар-Коргон айылынын тургундарынын 2021-жылдын 22-августундагы элдик жыйналышынын протоколундагы билдирүүгө негиз, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп,талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Жар-Коргон айылынын тургундарынын 2021-жылдын 22-августундагы элдик жыйналышынын сунуштары аткарууга алынсын.
2. Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Жар-Коргон айылынын тургуну, Ош областык спорт комитетинин жетектөөчүлөрүнөн болуп жүргөн Атабаев Сүйүндүн спортко сиңирген эмгеги үчүн Т.Сатылганов атындагы (эски ) мектептин жанына курулган кичи футбол аянтчасына Атабаев Сүйүн Назаркуловичтин ысымы ыйгарылсын.
3. «Атабаев Сүйүн Назаркулович» атындагы кичи футбол аянтчасынын юридикалык иш кагаздарын даярдоо, келишим түзүп, ижара акыларын мыйзамдаштыруу жагы Жар-Коргон айылынын айыл башчысы М.Мөнөковго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин депуттарынын « экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Н.Жолдошов |