Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин № 7 чакырылышынын кезектеги 26 отуруму (сессиясы)
2021-жылдын 4-декабры № 26-2
“Н.Исанов атындагы айыл аймагынын стратегиялык-экономикалык өнүгүү планына толуктоолорду киргизүү” жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл аймагынын КАИА «Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясы» менен биргеликте өнөктөш болууда, Н.Исанов атындагы айыл аймагынын стратегиялык-экономикалык өнүгүү планына толуктоолорду киргизүү жөнүндө М.Мөнөковдун билдирүүсүнө негиз, Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп ,талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл аймагынын стратегиялык-экономикалык өнүгүү планына толуктоолор киргизилсин.
2. Стратегиялык-экономикалык өнүгүү планына толуктоолор киргизүү менен Жар-Коргон айылындагы 27-ҮДТга тез жардам унаасын алуу жана Федоров айылындагы 7-ҮДТны оңдоп-түзөө пландуу иштери менен толукталсын.
3. Федоров айылындагы № 7 ҮДТ нын оңдоп-түзөө иштерине сметалык документтерди даярдоого айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражат ажыратылып, иш кагаздарын бүтүрүү М.Мөнөковго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин депуттарынын « экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Н.Жолдошов |