Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин № 7 чакырылышынын кезектеги 27-отуруму (сессиясы)
2021-жылдын 18-декабры № 27-1
“Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин 2021-жылдын 15-декабрындагы №20-1-011/18855 сандуу чыгыш катын аткарууга алуу” жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин 2021-жылдын 15-декабрындагы №20-1-011/18855 сандуу чыгыш катын аткарууга алуу тууралуу Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп , талкуулап, депутаттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин 2021-жылдын 15-декабрындагы №20-1-011/18855 сандуу чыгыш каты аткарууга алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 «Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө» токтомунун 5-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, Келишимдин шарттары жана өткөрүп берүүчү ыйгарым укуктардын төмөндөгү тизмеги бекитилсин:
--Баланын туулгандыгын каттоо, ошондой эле туулгандыгы жөнүндө күбөлүктү берүү;
-никени каттоо,нике күбөлүгүн берүү;
-Өлгөндүктү каттоо, өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктү берүү;
-«балага сүйүнчү» арызын каттоо;
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин депуттарынын « экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Н.Жолдошов |