Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин № 7 чакырылышынын кезектеги 28 отуруму (сессиясы)
2022-жылдын 22-январы № 28-2-2
“Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2021- жылдан калган калдык акча каражатынын 2022-жылга бөлүнүшү жөнүндө”
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2021-жылдан калган калдык акча каражатын 2022-жылга иштетүү боюнча Н.Исанов атындагы айлдык кеңешинин « Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк » боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 44-беренесинин 4 пунктуна ылайык Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши жалпы кеңеште карап чыгып
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2021-жылдан бюджеттик счетунан калган калдык кирешелери жана чыгашалары 2909,2 миң сом жана атайын каражат эсеп счетунан калган калдык кирешелери жана чыгашалары 268,8 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2021-жылга калган калдык акча каражаттан аппарат кызматкерлерине КР Өкмөтүнүн № 131 токтомунун 4 пункутунун негизинде 2 айлык үстөк акча каражаты жана калган акча каражаттарын чыгашалары боюнча багыттар № 1тиркемеге ылайык берилсин.
3. Ушул токтомго карап жергиликтүү бюджетин мекеме-ишканалардын финансалык – экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башчысына жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдүк кылуу жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин « экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
Төрага: | Н.Жолдошов |
| Н.Исанов атындагы айылдык кенешинин 7-чакырылышынын кезектеги 28-отурумунун № 28-2-2 токтомуна № 1 тиркеме |
Н.Исанов атындагы өкмөтүнүн 2021-жылдан бюджетик счетунан калган калдык акча каражаттарынын 2022-жылына чыгымдалышы
№ | Чыгашалардын аталышы | Сумма миң сом |
1 | Айыл өкмөттүн кызматкерлерине эки айлык өлчөмүдө кошумча эмгек акыга | 715,7 |
2 | Социалдык төлөмгө | 123,5 |
3 | 2021-жылга карата турак жайларды катоонун кредитордук акысына | 66,1 |
4 | Ош мамлекеттик архив ишканасына кредитордук акысына | 10,0 |
5 | Мал жана канаттуулардын эсебин алуу кредитордук акысына | 24,5 |
6 | 2022-жылга карата турак турак жайларды каттоого | 30,0 |
7 | Лизинг кредитке таштанды чыгаруучу машина алуунун 30 пайыздык төлөмүнө | 1120,0 |
8 | Раскол (жылкыларды идентификациялоого) | 100,0 |
9 | Смета түзүү кредитордук акысына | 6,0 |
10 | Ноокат району боюнча резервдик ротанын учениясына | 50,0 |
11 | Федоров атындагы айылынын Карабаш участкасындагы сел өтүүчү каналды тазалоо, темир бетон латокторду орнотууга ЧП Амиракуловго кретитордук акысына |
147,9 |
12 | Жаңы-Базар жана Чеч-Дөбө спорт залындагы машыгуучу аз камсыз болгон балдарга кошумча төлөөгө | 250,0 |
13 | Чоң жолдогу жайгашкан мектептердин алдына адам өтүүчү жол белгилерине | 100,0 |
14 | 2021-жылдан мектептердин электр энергиясынан калган кредитордук акысына | 165,5 |
| Бюджеттин жалпысы | 2909,2 |
1 | Атайын каражаттарга | 268,8 |
| Жалпысы | 3178,0 |
Жооптуу катчысы: | Г.Байышова |