Редакцияот 22.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин № 7 чакырылышынын кезектеги 28 отуруму (сессиясы)

2022-жылдын 22-январы № 28-5

Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жаңы –Базар айылынын тургуну Орунбаев Улан Маматжунусовичке тиешелүү “элге кызмат көрсөтүү” багытындагы 1075 м2 жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүп, турак жай куруу жөнүндө

Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жаңы –Базар айылынын тургуну Орунбаев Улан Маматжунусовичке тиешелүү болгон “элге кызмат көрсөтүү” багытындагы 1075 м2 жер тилкесинин максаттык багытын турак жай куруу үчүн өзгөртүп берүү жөнүндөгү 2021-жылдын 15-ноябрындагы жазган арызына ,Ноокат районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2021-жылдын 11-мартындагы № 35/21 корутундусуна ,Ноокат райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун 09.03.2021 жылдагы № 14-34 сандуу чыгыш катына негиз,Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 12-14 беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын” 18-41-беренесине,Кыргыз Республикасынын “Турак жай “ Кодексинин 13-88-беренелерине ылайык, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш –пикирлерин угуп ,талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жаңы –Базар айылынын тургуну Орунбаев Улан Маматжунусовичке тиешелүү болгон “элге кызмат көрсөтүү” багытындагы 1075 м2 жер тилкесинин максаттык багытын турак жай куруу үчүн жазган арызы Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 12-14 беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын” 18-41-беренесине,Кыргыз Республикасынын “Турак жай “ Кодексинин 13-88-беренелерине ылайык канааттандырылсын .

2. Жер аянтына ,курулушуна тиешелүү юридикалык иш кагаздарына өзгөртүүлөрдү киргизип ,даярдап берүү жагы “Кадастр “ мамлекеттик мекемесинин Ноокат филиалынан , Ноокат районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын суралсын .

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин «айыл чарба жана жерге жайгаштыруу,экология боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

Н.Жолдошов