Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин № 7 чакырылышынын кезектеги 28 отуруму (сессиясы)
2022-жылдын 22-январы № 28-7
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жаңы –Базар айылында жайгашкан Ботобаев Мухамедалиге тиешелүү “элге кызмат көрсөтүү” багытындагы 931,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүп, турак жай куруу жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жаңы –Базар айылында жайгашкан Ботобаев Мухамедалиге тиешелүү “элге кызмат көрсөтүү” багытындагы 931,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүп, турак жай куруу жөнүндө 2021-жылдын 1-декабрындагы жазган арызына,Ноокат районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2022-жылдын 21-январындагы № 05/22 корутундусуна ,Ноокат райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун 14.01.2022- жылдагы № 014-03 сандуу чыгыш катына негиз, Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 12-14 беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын” 18-41-беренесине,Кыргыз Республикасынын “Турак жай “ Кодексинин 13-88-беренелерине ылайык, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш –пикирлерин угуп ,талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жаңы –Базар айылында жайгашкан Ботобаев Мухамедалиге тиешелүү “элге кызмат көрсөтүү” багытындагы 931,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүп, турак жай куруу жөнүндө 2021-жылдын 1-декабрындагы жазган арызына негиз, Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 12-14 беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын” 18-41-беренесине,Кыргыз Республикасынын “Турак жай “ Кодексинин 13-88-беренелерине ылайык канааттандырылсын .
2. Жер аянтына ,курулушуна тиешелүү юридикалык иш кагаздарына өзгөртүүлөрдү киргизип ,даярдап берүү жагы “Кадастр “ мамлекеттик мекемесинин Ноокат филиалынан , Ноокат районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын суралсын .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин «айыл чарба жана жерге жайгаштыруу,экология боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Н.Жолдошов |