Редакцияот 28.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Талаа айыл аймагынын Айылдык Кенешинин VII чакырылышынын 2022-жылга I кезектүү сессиясынын

2022-жылдын 28-январы № VII-I-I

Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жыл үчүн бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүктөрүн жана 2023-2024-жылдарга болжолдуу киреше, чыгашаларын бекитүү жөнүндө

УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы А.Токторовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап

Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүктөрү төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.

Кирешелер боюнча:

Жергиликтүү кирешеден түшүүчү салык 4986,3 мин сом

Тендештирилген грант 2992,0 мин сом

Бардыгы: 7978,3 мин сом

(Кирешелердин түрлөрү боюнча тиркеме тиркелет)

Чыгашалар боюнча:

 А) Башкаруу аппаратына: 5192,0 мин сом

 Б)Экономикалык маселелер (жайыт): 393,1 мин сом

 В)Маданият: 1069,0 мин сом

 Г)Билим берүүгө: 1105,0 мин сом

 Д)Атайын каражат 219,2 мин сом

Бардыгы: 7978,3 мин сом

(Чыгашалардын түрлөрү боюнча тиркеме тиркелет)

2. 2022-жылга айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча киреше бөлүгү 7978,3 мин сом. Чыгашалар бөлүгү 7978,3 мин сом бекитилсин. Бюджетте көрсөтүлгөн акча каражаттар тиешелүү статьялар, элементтер боюнча жумшалсын.

3. Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү кирешеден түшүүчү салык 5093,3 мин сом. Тендештирилген грант 2992,0 мин сом. Жалпы: 8085,3 мин сом. 2024-жылга жергиликтүү кирешеден түшүүчү салык 5171,3мин сом. Тендештирилген грант 2992,0 мин сом, жалпы: 8163,3 мин сом бекитилсин.

4. 2022-жылдын бюджетине акча каражаты жетишсиз болгондугуна байланыштуу көмүр отунун алууга 1764,7 сом Кыргыз Республикасынын Экономика жана Финансы Министрлигинен суралсын.

5. Бул токтом айыл өкмөтүнүн www.ak-talaa.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго милдеттендирилсин.

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

А.Токторов