АК ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Талаа айыл аймагынын Айылдык Кенешинин VII чакырылышынын 2022-жылга I кезектүү сессиясынын
2022-жылдын 28-январы № VII-I-V
Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы М.Жусупбековдун 2021-жылга аткарылган иштери боюнча отчету жөнүндө
УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы А.Токторовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы М.Жусупбековдун 2021-жылга аткарган иштери боюнча отчету канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн www.ak-talaa.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы: | А.Токторов |