АК ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Талаа айыл аймагынын Айылдык Кенешинин II кезексиз сессиясы
2021-жылдын 09-апрели № II-1
Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине 2021-жылга жаратылыш активдерин пайдалануу акысынан түшкөн акча каражатын бекитүү жөнүндө
УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы А.Туюкбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине 2021-жылга жаратылыш активдерин пайдалануу акысынан ОсОО “Бетегеден” 635 250 сом, ОсОО “Көл-Тетриден” 490 000 сом, ОсОО “Нарын ООИР”ден 20 000 сом, жалпы 1 145 250 сом акча каражатынын бюджетте бекитилген планынын негизиндеги 550 000 мин сомду эске алуу менен калган 595 250 сом акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүнсүн:
- УШК нын даярдыгын камсыздоо үчүн 6200 сом
- “СЭД” электрондук системасын ишке ашыруу үчүн 7000 сом
- “Сармерден” оюунуна 5000 сом
- Терек-Суу айылынын таштанды төгүүчү жайын тосуу үчүн 223 765 сом
- “Чок-Камыш” ИСКААКБ таза суусунун резервуарынын айланасын тосууга 30 000 сом
- Ак-Талаа /ДТсынын жылуулук сисмасын ремонттон өткөрүү үчүн 323 285 сом
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Стамакуновго милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы: | А.Туюкбаев |