АК ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Талаа айыл аймагынын Айылдык Кенешинин I кезексиз сессиясы
2021-жылдын 25-июну № VII-I-IV
Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагындагы (введение) 30 жылдан бери пайдаланылбай келген Кара-коюн участогундагы кысыр аныз, чөп чабынды, кайрак айдоо жер аянттарын өздөштүрүүгө ижарага берүү боюнча ижара тарифин бекитип берүү жөнүндө
УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаты А.Токторовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагындагы (введение) 30 жылдан бери пайдаланылбай келген Кара-коюн участогундагы кысыр аныз, чөп чабынды, кайрак айдоо жер аянттарын өздөштүрүүгө ижарага берүү боюнча төмөндөгү контурлардагы жер аянттарынын ижара акылары төмөндөгүдөй бекитилсин:
· Кысыр аныз – 200 сом ижара акы, 139 соцфонд, жер салыгы менен
· Кайрак айдоо аянты - 200 сом ижара акы, 139 соцфонд, жер салыгы менен
· Чөп чабынды -200 сом ижара акы, 139 соцфонд, жер салыгы менен
2. Жогорудагы жер аянттарын өздөштүрүп пайдаланууга кызыктар болгон дыйкан фермерлерге конкурстук жана түз берүү үчүн комиссия курамы төмөнкү депутаттардан түзүлсүн:
Р.Исмаилов – төрагасы, мүчөлөрү: Т.Уланбек уулу, М.Жусупбеков, М.Жапанов
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөт башчысы Т.Стамакуновго тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы: | А.Токторов |