АК ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Талаа айыл аймагынын Айылдык Кенешинин III кезектүү сессиясы
2021-жылдын 17-сентябры № VII-III-II
Асфальт бетон аралашмасын даярдоо үчүн Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Калинин айылындагы “Ак-Талаа” участкасындагы 5,5 га айыл чарба багытындагы таштак жайыт жер аянтын трансформация кылууга сунуштоо жөнүндө
УГУЛДУ: Ак-Талаа айылдык Кеңешинин төрагасы А.Токторов КРнын 15.07.2013-жылдагы № 145 жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндө мыйзамына жана КРнын Өкмөтүнүн 19-март 2014-жылдагы № 169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо)” тартиби жөнүндөгү убактылуу жобосуна ылайык билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КРнын 15.07.2013-жылдагы № 145 жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндө мыйзамына жана КРнын Өкмөтүнүн 19-март 2014-жылдагы № 169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо)” тартиби жөнүндөгү убактылуу жобосуна ылайык асфальт бетон аралашмасын даярдоо үчүн Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Калинин айылындагы “Ак-Талаа” участкасындагы төмөндөгү контурлардагы:
№ 209-контур таштак жайыт аянты- 1,0 га
№ 218-контур таштак жайыт аянты- 3,0 га
№ 224-контур таштак жайыт аянты- 1,0 га
№ 225-контур шагыл аянты- 0,50 га
Жалпы 5,50 га жер аянтын айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан, өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга (трансформациялоо) айылдык Кеңеш тарабынан макулдук берилсин жана Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын жер комиссиясына сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Т.Стамакуновго тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы: | А.Токторов |