Редакцияот 05.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Талаа айыл аймагынын Айылдык Кенешинин II кезексиз сессиясы

2021-жылдын 05-октябры № VII-II-II

Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бюджетте үнөм болгон акча каражатын жылдыруу жөнүндө

УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаты А.Токторовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап

Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2021-жылдын 27-январь I кезектүү сессиясынын I-I токтомунун негизинде балдар бакчасында тарбияланган балдардын тамак-ашы үчүн 1-2 кварталына каралган 208 800 сом акча каражаты төмөндөгүдөй жылдырылсын:

- 48 000 сом 1С программасын бир жылдык коштоп жүрүүсү үчүн

- 31 500 сом кызматкерлерди мамлекеттик сатып алуу окуусун окуп келип сертификат алуу үчүн

- 5000 сом туберкулез менен ооруган адамдардын дары-дармеги үчүн

- 46 300 сом жаратылыш пайдалануу үчүн

- 78 000 сом Терек-Суу айылынын таштанды төгүүчү жайын тосуу үчүн

2. 2021-жылдын 27-январь I кезектүү сессиясынын I-I токтомунун негизинде Терек-Суу айылынын “Беш-Конуш” ИСКАКБнын ремонтуна каралган 108 000 сом жана Терек-Суу айылындагы гараждын документтерин бүтүрүүгө 100 000 сом акча каражатын 2215 статьясынан 2222 статьясына жылдырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго милдеттендирилсин.

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

А.Токторов