Загрузка документа…
АК ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Талаа айыл аймагынын Айылдык Кенешинин III кезексиз сессиясы
2021-жылдын 22-ноябры № VII-III-III
Ак-Талаа айыл аймагы боюнча 2021-жылга жазында себилген 2,0 га тоют кызылчасы жана 2,0 га жүгөрү чыкпай калганы жөнүндө
УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаты А.Токторовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Талаа айыл аймагы боюнча 2021-жылга айдалган 2,0 га тоют кызылчасы жана 2,0 га жүгөрү чыкпай калгандыгына байланыштуу, статистикалык отчеттуулуктан чыгаруу жагы Ат-Башы райондук мамлекеттик статистикалык бөлүмүнөн суралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы боюнча иштөө жагын экономист-статист жетектөөчү адиси П.Чикеевага тапшырылсын.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагын айыл өкмөт башчысына калтырамын.
Айылдык кеңештин төрагасы: | А.Токторов |