Редакцияот 22.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Талаа айыл аймагынын Айылдык Кенешинин IV кезексиз сессиясы

2021-жылдын 22-декабры № VII-IV-II

Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Калинин айылындагы муниципалдык менчикте турган кормацехти капиталдык ремонттон өткөрүүгө акча каржатын бөлүү жөнүндө

УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаты А.Токторовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап

Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Калинин айылындагы кормацехти капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 2022-жылдын бюджетинен өздүк салым катары 650 194 (алты жүз элүү мин бир жүз токсон төрт) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго милдеттендирилсин.

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

А.Токторов