Редакцияот 19.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезексиз онунчу сессиясы

2022-жылдын 19-февралы № 10-2

Кеңеш айыл аймагындагы сугат суу агуучу арык-каналдарды тазалоого тоскоолдук жараткан бак-дарактарды алып таштоого макулдук берүү тууралуу.

Айыл өкмөтүнүн башчысынын айыл аймагындагы сугат суу агуучу арык-каналдарды тазалоого тоскоолдук жараткан бак-дарактарды алып таштоого макулдук берүү тууралуу сураныч катын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 2-пунктунун 1,17-пунктчаларына жана айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын УСТАВынын 6-бөлүмүнүн  6.2-пунктунун 8-пунктчасына ылайык  Кеңеш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл аймагындагы сугат суу агуучу арык-каналдарды тазалоого тоскоолдук жараткан бак-дарактарды алып таштоого макулдук берилсин.

2. Ремонттук жана реабилитациялык иштерди жүргүзгөндө суу курулмаларынын жана каналдардын тилкесине ажыратылып берилген жерлерде өскөн бак-дарактарды алып таштоону мыйзамдын негизинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

Кеңеш айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Абдырахманов О.С.