Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айылдык кеңешинин VII чакырылыштын X сессиясы
2022-жылдын 18-марты № 10/1
Ак-Муз айылынын “Ардактуу атуулу” наамын жана Айылдык кеңештин Ардак грамотасын берүү жөнүндө.
Ак-Муз айылдык Кеңештин төрагасы Адистен уулу Казыбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Муз айылынын тургуну Шаршеев Турдубекке, Жумаканова Жазгүлгө, Алымкулов Жумагазыга, Бектурганов Абдыразакка Ак-Муз айылынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын;
2. Ак-Муз айылынын тургуну Абдыбеков Байышка, Турдубаева Жыргалга, Такырбашева Жамилага, Катаганова Гүлзатка, Ибраева Гулзатка, Саалаев Үмөтакунга, Дүйшөмакунов Кубатаалыга, Болотова Дамирага, Асенбекова Аселге Айылдык кеңештин Ардак грамотасы ыйгарылсын;
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.ak-muz-aimak.kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага: | Адистен уулу К |