Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айылдык кеңешинин VII чакырылыштын X сессиясы
2022-жылдын 18-марты № 10/2
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2022-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө.
Ак-Муз айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Жунусов Жакшылыктын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2022-жылга жалпы бюджети 520 000 сом деп бекитилип, төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:
-219 740 сом жайыттарды жакшыртууга;
-108 000 сом төраганын айлык акысына;
-108 000 сом бухгалтердин айлык акысына;
-37 260 сом 17,25% соц.төлөмгө;
-40 000 сом ГСМ кызматтык кыдырууга;
-5 000 сом концелярдык товарга;
-2 000 сом банктын төлөм акысына;
2. 2022-жылга 1 (бир) баш бодого 50 сом, сырттан келген бодого 100 сом, 1 (бир) баш кой-эчкиги 10 сом, сырттан келген кой-эчкиге 20 сом деп бекитилсин, токой чарбанын жеринен пайдалангандар жайыт акынын 70% төлөсүн;
3. Жаш төлгө жайыт акы алынбасын;
4. Жайыт жерин мал жайуудан башка максатка пайдаланууда 1 (бир) сотых жайыт жер аянты үчүн 100 (жүз) сомдон келишимдик негизде акы алынсын;
5. 2022-2026-жылга 5 жылдык жайыт башкаруу планы түзүлсүн;
6. 2022-жылга 1 жылдык жайыт башкаруу планы иштелип чыксын;
7. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.ak-muzaimak.kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага: | Адистен уулу К |