Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз VII сессиясы
2022-жылдын 22-марты № 12-1
2022-жылдын 11-мартындагы №01-13-221 сандуу Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын К. Кожоев атындагы балдарга билим берүү борборунун жана Ат-Башы райондук билим берүү мекемесинин имараттарын алмаштыруу тууралуу каты жөнүндө
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башкы адис-юристи Н. Карыбековдун жогорудагы кат боюнча берген билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмү менен К. Кожоев атындагы балдарга билим берүү борборунун имараттары мамлекеттик менчикте болгондугуна байланыштуу Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн жана К. Кожоев атындагы балдарга билим берүү борборунун имараттарын алмаштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине кайрылуу жагы Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын;
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасы |
А. Өмүракунов |