Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз VI сессиясы
2022-жылдын 22-марты № 12-2
2022-жылдын 9-мартындагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык жактан коргоо жана маданий маселелер боюнча жетектөөчү адиси К.Казиеванын арызы жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык жактан коргоо жана маданий маселелер боюнча жетектөөчү адиси К. Казиеванын Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасынын орун басары Н. Жаныгулованын кызмат ордун чечип берүү жөнүндөгү жазган арызын карап жана талкуулап, ошондой эле Н.Жаныгулованын 2022-жылдын 10-мартындагы төраганын орун басарлыгынан кетүү тууралуу арызынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасынын орун басары Н.Жаныгулованын өз каалоосу менен төраганын орун басарлыгынан баш тарткандыгына байланыштуу 2022-жылдын 10-мартындагы арызы канааттандырылсын;
2. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык жактан коргоо жана маданий маселелер боюнча жетектөөчү адиси К. Казиеванын жана Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасынын орун басары Н.Жаныгулованын элдешкендиги эске алынсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасы |
А. Өмүракунов |