Редакцияот 18.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз  XII сессиясы

2022-жылдын 18-марты № 12/2

Кочкор айылынын « Ардактуу атуулу » наамын ыйгаруу жөнүндө

Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө Кочкор айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарын жана тиешелүү документтерин карап, талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 39-беренесинин негизинде, Кочкор айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Шейшенова Атыркүл Шейшеновнага Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамы берилсин.

2. Тиешелүү күбөлүктөрдү жасатуу жана тапшыруу жагын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

Төрага:

Э.Э. Эшмукамбетов