Редакцияот 18.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы

2022-жылдын 18-марты № 12/3

Кочкор айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кочкор айыл аймагынан №44137,4138,4170 Калыгул Бай уулу Теңдик шайлоо округунан депутат Жаналиева Гүлмира Бейшебаевна мөөнөтүнөн мурда депутаттык мандатын тапшырууну сурап Кочкор айылдык шайлоо комиссиясына жазган арызын карап, талкуулап «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 39-беренесинин негизинде, токтом кылат:

1. Кыргыз Респубдикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 1-март 2022-жылы №24 чыккан токтомунун негизинде Шеримкадырова Айнура Жумаевнага Кочкор айылык кеңешинин депутаттык мандаты тапшырылсын.

2. Бюджет, экономика иштери жана жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясы өзгөртүлүп, Жаналиева Гүлмира Бейшебаевнанын ордуна Шеримкадырова Айнура Жумаевнага алмаштырылып кайра түзүлсүн.

 

Төрага:

Э.Э. Эшмукамбетов