Редакцияот 18.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы

2022-жылдын 18-марты № 12/4

Кочкор айылына шаар статусун берүүдөгү жүргүзүлүүчү иштерин милдеттендирүү жөнүндө

Кочкор айылдык кеңешинин кезексиз XII сессиясында Кочкор айылына шаар статусун беруу жана атын Т.Усубалиев атындагы шаар болуп өзгөртүү боюнча депутаттардын сунушун карап, талкуулап «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 39-беренесинин негизинде, токтом кылат:

1. Кочкор айылына шаар статусун алууда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, мекеме-уюмдарда эмгектенген тургундардын эмгек акыларынын (коэффиценттери) жана салык- жыйымдардын өзгөрүшү тууралуу тактоо, ошондой эле бул маалыматтарды тиешелүү органдардан алуу менен Кочкор айылдык кеңешинин депутаттарына сунуштоо иштерин Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исраиловго тапшырылсын.

2. Кочкор айылына шаар статусун берүү жана шаардын атын Турдакун Усубалиевдин атына өзгөртүү боюнча эл арасында талкуу жыйындарды өткөзүү менен элдин сунушун эске алуу каралсын.

3. Токтомдун аткарылышын Регламент, депутаттык этика, мандан, укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

Э.Э. Эшмукамбетов