Редакцияот 13.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Буура айылдык кеңешинин

VIII  чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

                  

2021-жылдын 13-декабры № 1

Муниципалдык  менчиктеги жер  тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга  бөлүп  берүү жөнүндө

 

Кара-Буура райондук  мамлекеттик администрация башчысы-аким Б.Сагымбаевдин кайрылуу катын сессияда  талкуулап, Кыргыз  Республикасынын Жер  кодексинин 18-статьясын жана 25-статьясын  жетекчиликке  алып Кара-Буура айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясына кызматтык турак-жай куруу   үчүн  Кара-Буура айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги  жер  тилкесинен 0,10 га жер тилкеси мөөнөтсүз  пайдаланууга  бөлүнүп берилсин.

2.Токтомдун аткарылышы Кара-Буура айыл өкмөтүнүн  башчысы Д.Бекетаевге тапшырылсын.

3.Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  Кара-Буура  айылдык  кеңешинин “Муниципалдык  менчик, айыл чарба  жана  суу  чарба  иштери  боюнча”  туруктуу  комиссиясына  жүктөлсүн.

 

Төрага

М.Джумагулов