КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айылдык кеңешинин
VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2021-жылдын 13-январы № 2
Муниципалдык менчиктеги жер тилкесин мөөнөтсүз
пайдаланууга бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республиксынын Мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитетинин Талас областы боюнча башкармалыгынын Кара-Буура райондук бөлүмчөсүнүн башчысы Э.Жаналиевдин 07.12.2021-жылындагы №08/383 сандуу кайрылуу катынын негизинде жазылган Кара-Буура райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Б.Сагымбаевдин 08.12.2021-жылындагы №01-39/639 сандуу кайрылуу катын сессияда талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-статьясын жана 25-статьясын жетекчиликке алып Кара-Буура айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республиксынын Мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитетинин Талас облусу боюнча башкармалыгынын Кара-Буура райондук бөлүмчөсүнө административдик мекеме куруу үчүн Кара-Буура айыл өкмөтүнүн Ч.Айтматов көчөсүндөгү музыкалык мектептин батыш тарабында жайгашкан муниципалдык менчигиндеги 0,10 га жер тилкеси мөөнөтсүз пайдаланууга бөлүнүп берилсин.
2.Токтомдун аткарылышы Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бекетаевге тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Буура айылдык кеңешинин “Муниципалдык менчик, айыл чарба жана суу чарба иштери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Джумагулов |