КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Жар айылдык кеңешинин кезектеги 4-сессиясынын (VIIшайланган) жыйналышынын
2021-жылдын 26-июлу № 4/3
Кызыл-Жар айыл аймагынын аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө жакындан жардам берүү жөнүндө
Кызыл-Жар айыл аймагындагы аз кмасыз болгон үй-бүлөөлөрдөн түшкөн арыздар боюнча Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн соц кызматкери М.Желдеңовдун маалыматын угуп жана талкуулап Кызыл-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кызыл-Жар айыл аймагындагы аз камсыз болгон үй бүлөөлөрдүн арыз даттанууларын жеринен карап тийиштүү жардамдарды көрсөтүү боюнча Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн комиссиянын курамына жүктөлсүн.
2. Азыр менен кайырлган жарандардын арызын негизин тактап чыгып, матиралдык жана маралдык колдоо көрсөтүү жагын Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Абдилазиз уулу Бактыбекке тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзмөлдөө жагы Кызыл-Жар айылдык кеңешинин депутаттарына жана туруктуу комиссиянын жергиликтүү бюджеттинин иштетилишинин жана маданий иштерди алып барууну көзөмөлдөө боюнч туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Жусубалиевга тапшырылсын.
Кызыл-Жар айылдык кеңешинин төрайымы: | Г.Эрматова |