КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Жар айылдык кеңешинин кезексиз 7-сессиясынын (VII шайланган) жыйналышынын
2021-жылдын 16-ноябры № 7/1
Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине сметага кошуу жөнүндө.
Депутаттардын Кызыл-Жар айылдык кеңешинин кезексиз 7 сессиясынын ( VII шайланган) жыйналышынын биринчи маселеси боюнча Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Б. Арапбаевдин 2021-жылга карата Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине сметага кошуп берүү жөнүндө берген маалыматтарын угуп жана талкуулап Кызыл-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн балдар бакча счётуна кошумча 97,5 ( токсон жети миң беш жүз ) сом смета кошуп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Жар айылдык кеңешинин депутаттарынын жана туруктуу комиссиясынын жергиликтүү бюджетинин иштелишин жана маданий иштерди алып барууну көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Т.Жусубалиевага тапшырылсын.
Кызыл-Жар айылдык кеңешинин төрайымы: | Г.Эрматова |