Редакцияот 21.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Жар айылдык кеңешинин кезексиз 9-сессиясынын (VII шайланган) жыйналышынын

2021-жылдын 21-декабры № 9/1

Кызыл-Жар айыл өкмөтүндөгү айыл чарба багытындагы жайыт жерлер категориясынын жалпы жер аянты 0,90га жайыт жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан таштанды таштоо үчүн “ Өнөр жай жана транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жер участокторун которуу ( трансформатциялоо) Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 жана 2014-жылдын 19-мартындагы № 169- токтомдорунун негизинде жер участокторун которуу (трансформатциялоо ) тартиби жөнүндөгү токтому менен бекитилген убактылуу жобонун талаптарына ылайык Кызыл-Жар айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жер участокторун которуу (трансформатциялоо) Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 жана 2014-жылдын 19-мартындагы № 169- токтомдорунун негизинде жер участокторун которуу (трансформатциялоо ) тартиби жөнүндөгү токтому менен бекитилген убактылуу жобонун талаптарына ылайык, Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн аймагында ишке ашырылсын.

2. Кызыл-Жар айыл өкмөтүндөгү айыл чарба багытындагы жайыт жерлер категориясынын жалпы жер аянты 0,90га жайыт жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан таштанды таштоо үчүн “ Өнөр жай жана транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына өзгөртүүгө ( трансформатциялоо ) Кызыл-Жар айылдык кеңеши макулдук берет.

3. Тийиштүү иш-кагаздарын даярдап берүү жагы Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Абдилазиз уулу Бактыбекке тапшырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Жар айылдык кеңешинин жер жана айыл чарба иштерин боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кызыл-Жар айылдык кеңешинин төрайымы:

 Г.Эрматова