КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Жар айылдык кеңешинин кезексиз 9-сессиясынын (VII шайланган) жыйналышынын
2021-жылдын 21-декабры № 9/2
Кызыл-Жар айыл өкмөтүндөгү айыл чарба багытындагы жайыт жерлер категориясынын жалпы жер аянты 0,90га жайыт жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан таштанды таштоо үчүн “ Өнөр жай жана транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жер участокторун которуу ( трансформатциялоо) Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 жана 2014-жылдын 19-мартындагы № 169- токтомдорунун негизинде жер участокторун которуу (трансформатциялоо ) тартиби жөнүндөгү токтому менен бекитилген убактылуу жобонун талаптарына ылайык Кызыл-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Жар айыл өкмөтүндөгү айыл чарба багытындагы жайыт жерлер Коо-Чаты айылындагы Капка-Таш участкасынын скважина № 317-контурундагы 0,50 га чөп орунду аянтынан, Коо-Чаты айылындагы Төө -Таш участксынын суу кампага № 314-контурундагы 0,50га чөп орунду аянтынан, Кайың-Талаа айылынан скважина курууга Кайың-Талаа участкасынан № 478 контурунан 0,50га жер таштак жайыттан, Кайың-Талаа айылынын Үстүнкү -Талаа участксынан суу кампасын курууга № 482 контурунан 0,50га жакынкы жайыттан, эч ким пайдаланбагандыктан айыл чарба багытындагы жайыт жерлер категориясына Коо-Чаты айылындагы чөп орунду аянтынан 1 га жер аянтын суу кампа жана скважина курууга, ал эми Кайың-Талаа айылынын жакынкы жайыт жана таштак жайыттан 1 га жер аянтынан скважина жана суу капасын куруу үчүн трансформациялоого которулсун. Кызыл-Жар айылдык кеңеши макулдук берет.
2. Бул токтомду ишке ашыруу жагы Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн жер адиси Маметов Ашимжанга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Жар айылдык кеңешинин жер жана айыл чарба иштерин боюнча туруктуу комиссиясына жана Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Абдилазиз уулу Бактыбекке тапшырылсын.
Кызыл-Жар айылдык кеңешинин төрайымы: | Г.Эрматова |