Редакцияот 21.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

2022-жылдын 21-январы №6/2

Чет-Нура айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт акыны көтөрүп бекитүү жөнүндө

Чет-Нура айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт акыны көтөрүүсүн талкуулап,

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезексиз VI сессиясы токтом кылат

1.    Чет-Нура айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт акысы бодо малга 50 сомдон 70 сомго, кой-эчкиге 10 сомдон 14 сомго көтөрүлүп бекитилсин.

2.    Чет-Нура айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт акыны чогултуу боюнча даярдалып сунушталган жобосу бекитилсин жана жобого ылайык иш алып барылсын.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Чет-Нура айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А.Назарбаевге тапшырылсын.

 

Төрага

М.Өмүрбеков