Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезектүү VI сессиясы
2022-жылдын 2-январы №6/4
Чет-Нура айыл аймагындагы көп жылдык муниципалдык кызматтагы эмгеги үчүн кызматкерлерди мамлекеттик сыйлыкка сунуштоо жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагындагы көп жылдык муниципалдык эмгектерин баалап, сессияда талкуулап Чет-Нура айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Чет-Нура айыл аймагындагы көп жылдык мунипалдык эмгектери үчүн Ж.Айдаралиевди жана А.Шамырканованы Нарын райондук мамлекеттик администрациясына Нарын районунун “Ардактуу атуулу” наамына сцнцшталсын.
2. Чет-Нура айыл аймагындагы көп жылдык эмгеги үчүн Төш-Булак айылынын айыл башчысы Ү.Мамыровду Чет-Нура айыл өкмөтүнүнү “Ардактуу атуулу” наамына сунушталсын.
3. Бул Токтомдун аткарылышын камсыздоо, керектүү документтерин топтоп, мөөнөтүнөн кечиктирбестен тийиштүү мекемеге сунуштоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Абдыраймакуновго милдеттендирилсин.
Төрага | М.Өмүрбеков |