Редакцияот 11.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ак-Жар айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын III кезексиз сессиясы 

2021-жылдын 11-июну № 7

Ак-Жар жайыт комитетинин бюджеттин бекитүү жөнүндө

Депутаттардын Ак-Жар айылдык кещешинин VIII чакырылышынын III кезекcсиз сессиясында Ак-Жар айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасы А.Шүкүрбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык кещешинин VIII чакырылышыныy III кезексиз сессиясы токтом кылат:

1.    Ак-Жар айыл аймагынын Жайыт комитетинин бюджети төмөндөгүчө бекитилсин

2.    Ак-Жар айыл аймагынын Жайыт комитетинин бюджетинин киреше бөлүгү 395,0 мищ сомго, ал эми чыгаша бөлүгү 295,0 сомго бекитилсин.

3.    Ат-Башы ТБнын таштанды төгүүсү үчүн 20,0 мищ сом акча каражатын которуп берүүсү бекитилсин.

4.    «Ат-Башы сүт» жоопкерчилиги чектелген коомунун таштанды төгүүсү үчүн 10,0 мищ сом акча каражатын которуп берүүсү бекитилсин.

2021-жылдын ар бир мал башына алынуучу жайыт акысы төмөндөгүдөй бекитилсин: Ички жайыттар үчүн айылдын тургундарына

1(Бир) баш кой-эчкиге- 8(Сегиз) сомдон,

1(Бир) баш бодо малга 40(Кырк) сомдон,

башка жактын малчылары үчүн

1(Бир) баш кой-эчкиге 12(Он эки) сомдон,

 1(Бир) баш бодо мал үчүн 60(Алтамыш) сомдон бекитилсин,

 ал эми алыскы жайыт үчүн айылдын тургундарына

1(Бир) баш кой-эчкиге- 8(Сегиз) сомдон,

1(Бир) баш бодо малга 40(Кырк) сомдон,

башка жактын малчылары үчүн

1(Бир) баш кой-эчкиге 15(Он эки) сомдон,

1(Бир) баш бодо мал үчүн 200 (эки жүз ) сомдон бекитилсин.

Жайыт комитетинин

Жүк көтөрүүчү трактордун акысы төмөндөгүдөй бекитилсин:

Айылдын тургундары үчүн 1 күнгө 8 саат жумуш күнү үчүн 3000 мищ сом акы, күйүүчү майынан тышкары, ал эми башка жактын тургундары үчүн 1 күнгө 8 саат жумуш күнү үчүн 6000(Алты мищ) сом акы, күйүүчү майынан тышкары бекитилсин.

5.    Жайыт комитетинин төрагасы Манапбаев Алтынбектин менчик автоунаасы жайыт комитетинин кызматтык автоунаасы катары пайдаланууга уруксаат берилсин.

Жайыт комитетинин карамагындагы акча каражаттарын максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу жагы Жайыт комитетинин төрагасы А.Манапбаевке милдеттендирилсин.

6.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.Осмонов жүктөлсүн.

 

Ак-Жар айылдык Кеңешинин төрагасы

 

А.Шүкүрбеков