Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын III кезексиз сессиясы
2021-жылдын 11-июну № 9
Ак-Жар айыл аймагынын тургуну Т.Жунушбаевдин арызы туралуу
Депутаттардын Ак-Жар айылдык кещешинин VIII чакырылышынын III кезекcсиз сессиясында Ак-Жар айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасы А.Шүкүрбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык кещешинин VIII чакырылышыныy III кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Жар айыл аймагынын «Тогуз-Булак» участкасындагы контур №0664 1,0 га жер аянтына Автодром жана туризмди өнүктүрүү жашылдандыруу иштерин уюштурууга 5 (беш) жылдык мөөнөт менен уруксаат берилсин.
2. КР нын жер кодексине ылайык жер аянтын жеринде барып чектерин аныктап, райондук жер комиссиясынын отурумуна керектүү болгон тиешелүү документер менен камсыз кылуу Ак-Жар айыл аймагынын жайыт комитетинин башчысы Манапбаев Алтынбекке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы У.Осмонов милдеттендирилсин.
Ак-Жар айылдык Кеңешинин төрагасы | А.Шүкүрбеков |