Редакцияот 25.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ак-Жар айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын IV кезексиз сессиясы 

2021-жылдын 25-августу № 18

Ак-Жар айыл аймагынын тургуну Т.Сыдыковдун арызы жөнүндө

Депутаттардын Ак-Жар айылдык кещешинин VIII чакырылышынын IV кезекcсиз сессиясында Ак-Жар айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасы А.Шүкүрбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык кещешинин VIII чакырылышыныy IV кезексиз сессиясы токтом кылат:

1.    Ак-Жар айыл аймагынын«Жалгыз Булак» участкасындагы контур №2763 жана №2772 участкасынын ортосундагы жер аянтынын айланасын тосуп, токойдуу сактап калуу жана даары чөптөрдүн санын көбөйтүү, чычырканакты сактап калуу үчүн айланасын тосууга 2,0 га жер аянты 5жылдык мөөнөт менен ижарага берилсин.

2.    КР нын жер кодексине ылайык жер аянтын жеринде барып чектерин аныктап, тиешелүү документер менен камсыз кылуу Ак-Жар айыл аймагынын жайыт комитетинин башчысы Манапбаев Алтынбекке милдеттендирилсин.

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Качкынбаевке милдеттендирилсин.

 

Ак-Жар айылдык Кеңешинин төрагасы

А.Шүкүрбеков