Редакцияот 25.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ак-Жар айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын IV кезектүү сессиясы 

2021-жылдын 25-августу № 19

Ак-Жар айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы эмес жерлердин салыгын көтөрүү жөнүндө.

Депутаттардын Ак-Жар айылдык кещешинин VIII чакырылышынын IV кезекcсиз сессиясында Ак-Жар айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасы А.Шүкүрбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык кещешинин VIII чакырылышыныy IV кезексиз сессиясы токтом кылат:

1.    Ак-Жар айыл аймагынын аймагында жайгашкан айыл чарба багытындагы эмес жерлердин салыгын эсептөөдө К3-зоналдык коэфиценти төмөндөгүдөй эсептелинсин:

1.1.        «Петролиум» май куйуучу жайы -1,2;

1.2.        «Партнер нефть» май куйуучу жайы-1,2;

1.3.        «Ат-Башы кирпич заводу»-1,2;

1.4.        «Элдос» дүкөнү-1,2;

1.5.        «Аурдин» май куйуучу жайы-1,2;

1.6.        «Ак-Жар айылдык малдар парозитардык ылаңдан коргоочу купка» -1,2;

1.7.        «Стан» эс алуучу жайы -1,2;

1.8.        «ОсОО Азия транс нефтигаз» май куйуучу жайы-1,2;

2.    Салык эсептер Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин негизинде жүргүзүлсүн.

3.    Токтом 2021-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирсин

4.    Бул токтомдун аткарлышын камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин негизинде иш алып баруу Ак-Жар айыл өкмөтүнүн киреше жана жыйымдар боюнча жетектөөчү адиси С.Азисовага милдеттендирилсин

5.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Качкынбаевке милдеттендирилсин.

 

Ак-Жар айылдык Кеңешинин төрагасы

А.Шүкүрбеков