Редакцияот 15/02/2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ак-Жар айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын III кезектүү сессиясы 

2022-жылдын 15-февралы № 27

Ак-Жар айыл өкмөтүнүн счетунда 2021-жылдын бюджетинен 1-январь 2022-жылга калдык болуп калган 1 029 206 сом 27 тыйынга жана атайын счетто калдык болуп калган 31950 сом 15 тыйын акча каражатына кошумча план бекитүү жөнүндө

Депутаттардын Ак-Жар айылдык кещешинин VII чакырылышынын III кезектүү сессиясында 1-январь 2022-жылга калган 1 029 206 сом 27 тыйын акча акча каражатына жана атайын счетто калдык болуп калган 31950 сом, 15 тыйын акча каражатын чыгымдоо боюнча Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Качкынбаев Кенжебек Тентимишовичтин кайрылуусун угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык кещешинин VIII чакырылышынын III кезектүү сессиясы токтом кылат.

2022-жылдын 1-январына карата айыл өкмөтүнүн счетунда жана атайын счетто калдык болуп калган акча каражаттар төмөндөгү максаттарга жумшалсын.

1.    Айылдык кещештин төрагасынын эмгек акысына 15500 сом анын ичинен эмгек акысына 13200 сом, социалдык фонд үчүн төлөмүнө 2300 сом.

2.    Эл каттоого ГСМ 40000 сом.

3.    эски бала-бакчанын бузганга заключение 20000 сом.

4.    каналдарды казганга эксковатор кызматына 108500 сом.

5.    Шит 14 шт материал алуу үчүн каналдарга 300000 сом.

6.    ГСМ каналдарга 20000 сом.

7.    Панданын ордун сатып алуу үчүн 200000 сом.

8.    Муниципалдык ишканага комбайн лизингге график боюнча 325200 сом

9.    Балдардын тамак-ашына (атайын каражат) 31950 сом.

Бул токтомдун ишке ашырылышын камсыздоо жагы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы К. Качкынбаевке тапшырылсын.

Токтомдо көрсөтүлгөн сметаны бекитип берүү жагы райондук финансы башкармалыгынан суралсын.

 

Ак-Жар айылдык Кеңешинин төрагасы

А.Шүкүрбеков