Редакцияот 04.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Депутаттардын VII чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз VIII сессиясы

2022-жылдын 4-марты № 8/41

Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2022-жылга карата бюджетин, иш планын, ички тартип эрежелерин, төлөө тарифтерин жана элдик жыйындын протоколун бекитүү жөнүндө

Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Ак-Кыя айылында 2022-жылдын 4-мартындагы №2 элдик жыйындын протоколун жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Ы. Элтуйбасовдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2022-жылга карата бюджети, иш планы, төлөө тарифтери, ички тартип эрежелери жана Ак-Кыя айылында болгон 2022-жылдын 4-мартындагы №2 элдик жыйындын протоколу бекитилсин.

2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2022-жылга карата айыл өкмөтүндө каттоодо турган мал башы акы төлөө төмөндөгүдөй тартипте:

- бир шартуу мал башына 60 (алтымыш) сомдон;

- бир баш топозго 400 (төрт жүз) сомдон бекитилсин.

3. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө сырттан мал башын киргизбөө жагы бекитилсин.

4. Жайыт акыларынын өндүрүлүшүн камсыз кылуу жана мыйзам чегинде иш алып баруу жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы

Ы. Элтуйбасовго тапшырылсын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы регламент, депутаттык этика жана мандат, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Т. Жумамүдүн уулу