Редакцияот 04.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Депутаттардын VII чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз VIII сессиясы

2022-жылдын 4-марты № 8/42

Сары-Булак айылына ичүүчү таза суу киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө

Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Булак айылына ичүүчү таза суу киргизүүгө макулдук берүүгө айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовдун  маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Булак айылына  «Саадийдин чийи» участогундагы булактан ичүүчү таза суу киргизүүгө макулдук берилсин.

2. «Саадийдин чийи» участогундагы булактан ичүүчү таза суунун тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү жана долбоорду тез арада иш жүзүнө ашыруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовго тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Т. Жумамүдүн уулу