Редакцияот 04.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Депутаттардын VII чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз VIII сессиясы

2022-жылдын 4-марты № 8/43

Ак-Кыя айыл аймактык өзүн-өзү башкаруу коомдук бирикмесинин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө

Ак-Кыя айыл аймактык өзүн-өзү башкаруу коомдук бирикмесинин жыл ичинде жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Ак-Кыя айыл аймактык өзүн-өзү башкаруу коомдук бирикмесинин төрагасы Ы. Элтуйбасовдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. Ак-Кыя айыл аймактык өзүн-өзү башкаруу коомдук бирикмесинин жүргүзүп жаткан иштеринде бир катар алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленсин.

2. Айылдын социалдык жактан корголбогон катмары жөнүндө программаларын жүзөгө ашыруу үчүн инвестицияларды издөө менен иш алып баруу жагы Ак-Кыя айыл аймактык өзүн-өзү башкаруу коомдук бирикмесинин төрагасы Ы. Элтуйбасовго тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу менен биргелешип иш алып баруу жагы жагы регламент, депутаттык этика жана мандат, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Т. Жумамүдүн уулу