КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айылдык кеңешинин
VIII чакырылышынын VIII сессиясы
2021-жылдын 12-ноябры № 6
Дем берүүчү (үлүштүк) грантка жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча бөлүштүрүү жөнүндө
Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бекетаевдин дем берүүчү ( үлүштүк) гранттын эсебинен Кызыл-Адыр айылындагы К.Осмоналиев №18 көчөсүндө жайгашкан Манас орто мектебинин терезелерин алмаштыруу боюнча долбоор жөнүндөгү баяндамасын угуп, өздүк салымды төлөө максатында Кара-Буура айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура айылдык аймагына караштуу Кызыл-Адыр айылынын К.Осмоналиев №18 көчөсүндөгү Манас орто мектебинин терезелерин алмаштыруу долбоорунун жалпы наркы 3 592 820 (Үч миллион беш жүз токсон эки миң сегиз жүз жыйыпма миң) сомду түзгөндүгү белгиленсин жана долбоор жазылып, дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен каржылап берүү жагы суралсын.
2. Долбоордун 20% же акчалай түрдө 718 564 (жети жүз он сегиз миң беш жүз алтымыш төрт) сом акча каражаты өздүк салым катарында жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Д.Бекетаевге милдеттендирилсин.
Төрага | М.Джумагулов |