Редакцияот 12.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Буура айылдык кеңешинин

VIII  чакырылышынын  VIII сессиясы

2021-жылдын 12-ноябры № 7

Дем берүүчү (үлүштүк) грантка жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча бөлүштүрүү жөнүндө

 

Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бекетаевдин дем берүүчү ( үлүштүк) гранттын эсебинен Кызыл-Адыр айылындагы Дзержинский №42 көчөсүндө жайгашкан “Айданек” балдар бакчасынын чатырын алмаштыруу боюнча долбоор жөнүндөгү баяндамасын угуп, өздүк салымды төлөө максатында Кара-Буура айылдык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.          Кара-Буура айылдык аймагына караштуу Кызыл-Адыр айылынын Дзержинский №42 көчөсүндөгү “Айданек” балдар бакчасынын чатырын алмаштыруу долбоорунун жалпы наркы 1 706 027 (бир миллион жети жүз алты миң жыйырма жети) сомду түзгөндүгү белгиленсин жана долбоор жазылып, дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен каржылап берүү жагы суралсын.

2.          Долбоордун 20% же акчалай түрдө 341 206 (үч жүз кырк бир миң эки жүз алты) сом акча каражаты өздүк салым катарында жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.

3.          Токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Д.Бекетаевге милдеттендирилсин.

 

Төрага

М.Джумагулов